Биз менен байланышыңыз

Ак илбирсти сактоого арналган жарым марафонго 5 миң киши катышты

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 415 | 0

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өттү. Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурду. Иш-чарага 5 миңден ашык кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катышты.

Чогулган акчанын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча иштерге жумшалат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл чогулган акчага ак илбирсти сактоо иштерин алып барган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясына эки «Нива» унаасы алып берилет.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашты. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлдү.

Байге фонддо каралган 200 миң сом жарым марафондо биринчи, экинчи жана үчүнчү келгендерге берилет.

Copyright © 2017 Maral FM