Биз менен байланышыңыз

Баткенде күзгү чуркоо болуп өттү

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 417 | 0

Бүгүн 26-сентябрда Баткен шаарында дени сак жашоо образын коомчулукка пропагандалоо максатында күзгү чуркоо болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Баткен шаарынын тургундары катышты.

Жалпысынан 100 гө жакын адам катышып, алар 3 км аралыкты чуркап өтүштү. Жыйынтыгында эркектер жана кыздар арасында алдынкы орунду ээлегендер үчүн 1-2-3 орунга дилом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM