Биз менен байланышыңыз

Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 627 | 0

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

1, 5, 14 жана 21,1 километрлик аралыктагы жарыш уюштурулуп, жеңгендерге эстелик медалдар ыйгарылды.

Анын ичинен 1 километрлик аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 5 километрлик аралыкка чуркады.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирген төрага ак илбирсти коргоо аракети Кыргызстанда акыркы жылдары арбын жүргүзүлө баштаганына токтолду.

«Ак илбирс өңдүү жапайы жаныбарларды сактоо, аларга аңчылык кылгандарга каршы туруу биздин негизги максатыбыз. Бүгүн «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы эң чоң байге фонду менен эл аралык кайрымдуулук марафону мунун анык далили. Борбор Азияда алгач ирет өтүп жаткан мындай иш-чара аркылуу кыргызстандыктар илбирсти коргоо аракетине өз салыбызды кошууну көздөдүк», — деди төрага.

Кошумчалай кетсек, марафонго депутаттар Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Конушбаев, Бактыбек Турусбеков жана Жогорку Кеңештин Аппараттын бир катар кызматкерлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM