Биз менен байланышыңыз

Турусбеков: Казино ойнойм деген чет өлкөлүк туристтерге визасыз режим киргизилет

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 805 | 0

Кечээ, 21-апрелде депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков тарабынан демилгеленген «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган «Адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Бактыбек Турусбеков төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Биринчиден, бул мыйзам иштеши үчүн чет мамлекеттен келген туристтерге визасыз режим киргизели деп жатабыз. Ойнойм деген туристтер Кыргызстанга визасыз келип, ошол туристтик зонадан чыкпай, Кыргызстандын аймагынан да чыкпай, кайра учуп кетип калышат. Экинчиден, мыйзам иштебейт деген түшүнүктү токтотуу керек. Мыйзамдын баары иштеши керек. Жоопкерчиликти президент баш болуп алып жатат. Ар бирибиз жоопкерчилик менен жашашыбыз керек. Эгерде ойнойм деген киши кирип утулуп калса, казинонун ээси толугу менен утулган акчасын төлөп берет. Ошондон кийин казинонун ээси Кыргызстандын жарандарын киргизеби?», — деди Турусбеков.

Ошондой эле ал негизги максат туристтерге шарт түзүү менен аталган аймакта инфраструктура өнүгүп, жумуш орундар ачылып, аэропорттун иштөөсү, мейманкана, ресторан, банк бизнестери өнүгө турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM