Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө таштандыны кайра иштетүү завод куруу зарыл

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 632 | 0

Бир Бол партиясынан депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн аймагына таштандыларды кайра иштетүү завод курууну сунуштады.

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

“Ушу тапта Ысык-Көл аймагында бир дагы атайын ири таштанды полигону жок. Көрүнгөн жерге башаламан көмүлүп жатат. Андагы 180 эс алуу жайынан күн сайын 5 тонна таштанды чыгат. Ошондуктан, чакан болсо дагы таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу керек», — дейт депутат.

Туристтик сезонго карата даярдык тууралуу айткан депутат ошондой эле, эс алуу жайларындагы саркынды сууларды таза жайларынын абалына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Ал үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат бөлүп, пансионаттарды сууларды таза жайларын курууга милдеттендирүү зарыл”, деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM