Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтындын» башчысы канча маяна аларын айтты

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 815 | 0

«Кыргызалтын» компаниясын 2019-2022-жылдары өнүктүрүү стратегиясына ылайык, холдингдик компания түзүү демилгеси мерчемделүүдө. Бул тууралуу «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берип жатып компаниянын башчысы Алмаз Алимбеков билдирди.

«Ушу тапта биздин кен ылгоо базасын солгундап калды. Ошондуктан, келечеги бар жаӊы кен аянттарына чалгындоо жүргүзүп, алардын корун аныктайбыз, анан аларды иштете баштайбыз. Биздин мындай демилгеге Өкмөт колдоо көрсөтөт деген ойдобуз», — деди Алмаз Алимбеков.

Депутат Бактыбек Турусбеков «Кыргызалтын» компаниясынын башчысынын жеке кирешесинин өлчөмүнө кызыкты.

«Сиз баардык кошумча төлөмдөр, дивиденддер сындуу кирешелериӊизди толук санап бериӊизчи. Компаниядагы эмгек акыӊыздан сырткары дагы канча киреше табасыз?», — деп сурады Турусбеков.

Алмаз Алимбековдун айтымында, айлык маянасы 70 миң сом. Тийиштүү салыктар кармалып калгандан кийин, 50 миӊ сом маяна алат.

«Кыргызалтын» компаниясынын башчысы «Кумтөр» кен иштетүү компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү катары 4 миӊ доллар кошумча маяна алат», — деди Алимбеков.

Copyright © 2017 Maral FM