Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Босфор кысыгынан сүзүп өттү

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 511 | 0

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынан депутаты Бактыбек Турусбеков Босфор кысыгынан сүзүп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Стамбул шаарында жыл сайын уюштурулуучу континент аралык деңизде сүзүүнүн XXXI турнири өтүп, ага 59 өлкөдөн келген 2 миң 400 адам катышты. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 10 суучул барган.

Депутат 55-60 жаш курак категориясында катышып, 85 катышуучунун ичинен тогузунчу болуп келген. Ал 6,5 чакырым аралыкты 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өткөн.

Белгилей кетсек, Бактыбек Турусбеков былтыр Ысык-Көлдү сүзүп өтүү мелдешине да катышып, 2-орунду алган. Ал сүзүп өткөн аралык 14 чакырымды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM