Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафону өтүүдө

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 535 | 0

Бүгүн, 15-сентябрда «Ак илбирсти сактайлы» аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтүүдө. Иш-чаранын байге фонду 4 миллион 500 миң сомду түзөт.

«Nomad Sport» коомдук бирикмесинин билдирүүсүнө ылайык, катталуучу төлөмдөрдүн 50%ы ак илбирсти сактоо глобалдык программасына берилет. Бул акча каражатына «Ала-Арча» жаратылыш паркына фотокапкан сатып алуу пландалууда.

PRO категориясындагы марафондо эркектер жана аялдар 21 километрге жарышат. Анда биринчи келгендерге — 630 миң сом, экинчиге — 360 миң сом, үчүнчүгө — 180 миң, төртүнчүгө — 90 миң, бешинчиге — 54 миң, алтынчыга — 36 миң сом берилет.

Майыптар арасындагы жарыштан биринчи келгенге — 45 миң сом, экинчиге — 25 миң сом, үчүнчүгө — 13 500 сом ыйгарылат.

Иш-чаранын өтүп жатканына байланыштуу Панфилов, Киев, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Чүй, Манас проспектилери жана Эркиндик бульвары убактылуу жабылды.

Copyright © 2017 Maral FM