Биз менен байланышыңыз

Салык кызматында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлдү

Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 553 | 0

Жаңы бөлүмгө аймактык салык органдарындагы салык төлөөчүлөр менен иштөөнү уюштуруу, «Бирдиктүү терезелерден» жарандарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөнү камсыз кылууну контролдоо жана салыктык башкаруудагы жаңылыктар тууралуу калкты маалымдар кылуунун бирдиктүү саясатын жүргүзүү боюнча маанилүү функциялар жүктөлөт. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Калкка сапаттуу салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу боюнча жергиликтүү салык органдарынын ишин координациялоо жаңы бөлүмдүн ишинин маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат.

Эскерте кетсек, салык органдарынын Бирдиктүү терезелери дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин  иштейт. Түшкү тамактануу убагында жарандарды кезметчи кызматкерлер тейлешет.

Салык кызматы аймактык салык органдарынын ишине тиешелүү сунуштарды жана эскертүүлөрдү кабыл алуу үчүн дайыма ачык.

Жарандар (0312)61-31-89 ишеним телефону боюнча, 1240 номери аркылуу Маалымат борборуна же info@sti.gov.kg  электрондук почтасы, ошондой эле Салык кызматынын социалдык тармактардагы (@Салык кызматы / Налоговая служба) расмий барактары аркылуу кайрылышса болот.

Copyright © 2017 Maral FM