Биз менен байланышыңыз

Депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы пара менен кармалды

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 561 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы Бахтияр Төлөнов пара менен кармалгандыгын бир катар маалымат булактары укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып жазышты.

Бахтияр Төлөнов борбордогу кафелердин биринде 800 доллар пара менен кармалгандыгы айтылууда.

Бахтияр Төлөнов Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директорлук кызматын ээлеп турган.

Copyright © 2017 Maral FM