Биз менен байланышыңыз

Азиз Батыров: Концертимде ким дос, ким душман экенин билдим

Алтын үндүн ээси, көптөгөн шакирттерди тарбиялап келе жаткан Азиз Батыров менен «Марал» радиосунун түз эфиринде маектештик.

— Саламатсызбы! Маанай жакшыбы?

-Саламатсыздарбы, маанайым беш. Сиздер чакырганда кубанып келип калдым.

— 2019-жылы сиз үчүн көптөгөн ийгиликтерди алып келди окшойт…

— Албетте. Биринчиден, бир башымды эки кылып, сүйүүмдү таап, баш коштук. Экинчиден, өзүмдүн жеке концертимди бердим. Кудайга шүгүр, бардыгы жакшы болду. Буйруса, бул жыл да жакшы жаңылыктар менен башталып жатат. “Алга Кыргызстан” чыгармама спортсмендер менен клип тартып баштадык. Мекенибиздин жакшы жактарын даңазалаганга аракет кылабыз.

— Үй-бүлөлүү болгон кандай экен?

— Шүгүр. Бардыгы эң сонун. Дүңгүрөтүп той бербей эле, кыргыздын салты менен жакындарымды чакырып, чакан той кылдык. Чыгармачыл адам үчүн эң негизгиси- сени түшүнгөн адамга туш болуу.  Мен ар дайым Кудайдан тиленчүмүн. Сураганым орундалды. Жубайым дагы комузчу. Менин чыгармачылыгымды түшүнүп, колдоо көрсөтүп турат. Көрүп турганыңыздай эле, көйнөктөрүм үтүктөлгөн.

— Жеке концертиңиз кандай өттү?

— Чындыгында, мен ойлогондон дагы мыкты деңгээлде өттү. Ошол күнү ким дос, ким душман экенин билдим. Колдоо көрсөткөндөр көп болду. Атайын концертиме Түркиядан, Казакстандан чыгармачылыгымды колдогон досторум келип кетишти. Концертте салтуу ырларды алып жүрүүчүлөр катышып, жанымда жүрүп, чоң колдоо көрсөтүштү. КТРКдан бйланышып: «Азиз, сен тарыхта калчу адамсың, биз концертиңди тартып беребиз”,- дешти. Мен аябай сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Анткени, ар кимдин эле концертин тартып бере бербейт. Бардыгына шүгүр. Кыргыз элине ыраазычылык.

— “Ынтымак” тобунун көркөм жетекчиси болосуз. Аталган топ тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

— Мен мурун №69 мектепте иштечүмүн. Окуучуларды ырдатып жүрүп, алып барган жерден элдер абдан жакшы кабыл алышчу. Окшош улуттук форма кийгизип коюп алып барчумун. Мотурайган балдар элдин көзүнө эң сонун көрүнөт экен. Андан соң, топ түзүш керек деген оюм пайда болду. Ошол себептен, жаш балдардан турган “Ынтымак” тобун түзгөм. Кичинекей балдар дастан, термелерди айтышат.

— Көп шакирт тарбиялап келесиз. Өзүңүзгө окшогон талантты көрө алдыңызбы?

-Албетте, келечекте өсүүчү, чыныгы таланттарым бар. Бир гана аларга чоң колдоо керек.

-Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

-Сиздерге рахмат. Бар болуңуздар.

Copyright © 2017 Maral FM