Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Санариптештирүүнүн максаты- коррупцияны жоюу

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 558 | 0

Өлкөнү санариптик трансформациялоонун максаты — жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, алардын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында коррупцияны жоюу. Мындай пикирин Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

«Буга чейинки эки жылда мамлекеттик саясат балдарды колдоо үчүн укуктук, экономикалык базаны бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатын келечек муундан, балдардан өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ошондуктан, жаш муун өкүлдөрүнүн өлкөнү санариптештирүү процессине интеграциясы  Президент тарабынан 2020-жылга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды», — деди Стамалиева.

Басма сөз катчысы өлкөнү санариптештирүү Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү стратегиясында ачык көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM