Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Аксы окуялары —демократиялык өнүгүүдөгү улуу бурулуш катары тарыхта калды

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 742 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз  кайрылуусунда, 17-марттагы Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калганын айтып, адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланарын айтты.

Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат. Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө , — деп кайрылган президент.

Ошондой эле президент Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдирип, өлкө үчүн өмүрүн сайган мекендештердин элесине ар дайым баш ийип, таазим эте турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM