Биз менен байланышыңыз

Президент: Санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү керек

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1527 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анда өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлар менен райондордогу өзгөчө абал шартында санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө жарандардын ыңгайлуу жашоосун камсыздоо үчүн аларды заманбап санарип технологияларды жана чечимдерди колдонууга максималдуу түрдө тартуу зарыл экендигин белгиледи.

Дастан Догоев түзүлгөн кырдаалдан улам курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулганын билдирди. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды эсепке алуучу атайын маалыматтык ресурстар ишке киргизилип жатат.

Бүгүнкү күндө ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Ушул жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорунун башталышы пландалып, жылдын аягына чейин бул долбоор бүт өлкөгө киргизилет. Бүгүнкү күндө «Санарип аймак» 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген.

Дастан Догоев санариптештирүүдөгү олуттуу алга жылуулар аралыктан окутуу ыкмасын уюштуруу боюнча билим берүү чөйрөсүндө байкалганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн канааттануу менен белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM