Биз менен байланышыңыз

Помпео: АКШ Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 494 | 0

Бүгүн, 3-февралда Өзбекстандагы Ташкент шаарында Борбор Азиянын Тышкы иштер министрлери менен АКШнын «C5 + 1»  форматындагы жолугушуусу болуп өттү.

Ташкенттеги учурашууда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышты.

Делегация башчылары өз сөзүндө 2015-жылы Самаркандда башталган министрлердин жолугушуусу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү механизмине заманбап, эффективдүү ыкма болгонун белгиледи.

Ошондой эле, министрлер Ооганстандагы абал жана жалпы регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Жалпы министрлер менен болгон жыйынга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Анда Помпео акыркы жылдарда Өзбекстан жарандык коомчулукту реформалоодо, жумушка тартууда, сөз эркиндиги жана диний ишенимдер бонча бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Ошондой эле, жолугушууда АКШ Өзбекстан менен Ооганстан ортосундагы соода мамилелерди өнүктүрүү үчүн бир миллион доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөрүн айтты.

Помпео АКШ президенти Дональд Трамптын админстрациясынын Борбор Азия боюнча аракеттери тууралуу да сөз сүйлөп, АКШ Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыкканын айтты. Бирок, стратегия тууралуу кененирээк түшүндүрмө айтылган жок.

Эки тараптуу жолугушуудан соң, «Борбор Азия-АКШ (С5+1)» форматындагы министрлер жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да катышууда.

Майк Помпео «Борбор Азия-АКШ (С5+1)» форматындагы кызматташуу терроризм менен күрөшүүгө, аймактык жана энергетикалык маселелерди чечүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

АКШ катчысынын постсоветтик өлкөлөргө болгон сапары

Беларусия президенти Александр Лукашенко Орусиядан алыстап, Батыш менен мамилени жакшыртууга аракет кылууда. Украина президенти Владимир Зеленский Орусия колдогон сепаратисттер менен күрөшүүдөн сырткары, Украинаны жемкордуктан алып чыгуу аракетинде. Өзбекстанда болсо президент Шавкат Мирзиеёв өлкөдө реформа жасалганын, көптөгөн жылдар бою Өзбекстандын аброюна шек салып келген жемкордуктун жоюлганына дүйнөнү ынандыруу аракетинде.

Ушундай жагдайлардын фонунда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео постсоветтик өлкөлөргө саякат жасады. Башкы максат – постсоветтик өлкөлөр менен саясий жана экономикалык байланышты бекемдөө. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү АКШнын каржылык, моралдык жана аскердик колдоосуна кайрылып келет.

Майк Помпео Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, АКШнын Украинанын орус агрессиясына каршы күрөшүн, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү аракеттерин мурункудай эле толук колдоорун билдирди. Минск менен Москванын ортосундагы интеграция жана мунай баасына байланыштуу абал курчуп турган учурга туш келген Помпеонун Беларуска алгачкы визитинде, мамлекеттик катчы АКШ Беларустун көз карандысыздыгын колдой турганын айтты жана Кошмо Штаттары жакын арада Минскиге элчи жиберерин кошумчалады. Помпеонун Казакстандагы иш сапарынын алкагында Кытайдан келген казактар менен жолугуп, Шинжандагы азчылык маселелси талкууга алынды.

Өткөн жылдан бери АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен мамилелерди «активдештирди».

2019-жылы июлда АКШ делегациясы акыркы төрт жылдан бери алгачкы жолу Кыргызстанга келген. Өткөн жылдын ноябрь айында АКШдагы Мамлекеттик департаментте Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов кабыл алынган. Соңку 2 күндө АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Беларусияга, Украинага, Казакстан жана Өзбекстанга иш сапары менен барды.

АКШнын дипломатиялык байланыштарын кеңейтүү аракети Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий таасири күчөп жаткан маалга туш келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM