Биз менен байланышыңыз

Президент санариптештирүүнүн алгачкы жетишкендиктерин атады

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 601 | 0

Коӊшулардан артта калбай, жалпы коомду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күндүн талабы. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтты.

«Санариптештирүүбиздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт», — деди президент.

Мамлекет башчысы азыркы учурдагы санариптештирүү саясатынын алгачкы жетишкендиктерин атады.  «Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм кошулду. Мамлекеттик портал аркылуу 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис жеткиликтүү болду. Ал эми «Мамлекет — платформа катары» долбоору аркылуу 85 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервистер ишке киргизилген.

13 маалымкат автоматташтырылып, орточо 1,5 млн. маалымкат электрондук форматта берилди. Мамлекеттик органдардын ортосунда 20 млн ашык электрондук форматта маалымат алмашуу (транзакция) жүргүзүлдү, алардын өз ара аракеттенүү процесси тездетилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү коррупцияга каршы күрөштүн алкагында адамдык факторду азайтуудагы, коррупция менен күрөшүүдөгү эң негизги курал экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM