Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыкта каза болгон жарандын уулу Максат Чойбековго доосу жок

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 469 | 0

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков менен болгон жол кырсыгында каза болгон жарандын жакындары доо арызын кайра алышты. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн маалымат каражаттарына билдирди. Такталгандай, Максат Чойбеков каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык кенемте (компенсация) төлөп берген.

Жапа чеккендин уулу Бек Рысбек уулу бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, жол кырсыгына айыпкерге карата каза болгон жарандын үй-бүлөсүнүн доосу жок.

Мен мурда жазылган арызымда кайтарып алуу боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусундагы башкармалыгына арыз бердим. Менде болгону Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине доом бар. Алар Максат Чойбековду өз убагында кармашкан эмес, — дейт Бек Рысбек уулу.

Максат Чойбеков 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунун 18-чакырымында таңкы саат 4:00дө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, каршы багытта келаткан “Мерседес-Спринтер” унаасы менен кагылышкан.


Милициянын полковниги унаа кырсыгына кабылды


“Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусу жаракат алып, адегенде, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилип, кийин Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга которулган. Улуттук госпиталда 9-декабрда каза болгон.


Полковник Чойбековдун унаасы менен кагылышкан «Спринтердин» айдоочусу каза болду


Аталган факт Ысык-Ата райондук ИИБнин каттоо китебине катталган. Айрым маалыматтарда Чойбеков мас абалында унаа башкарып баратканы айтылган.

Бул ишти тергөө УКМКга берилген. Максат Чойбеков тергөө учурунда кызматынан убактылуу четтетилген.


Унаа кырсыгына кабылган Сокулук милициясынын башчысы кызматынан четтеди


 

Copyright © 2017 Maral FM