Биз менен байланышыңыз

Милициянын полковниги унаа кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 531 | 0

Чүйдүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Максат Чойбеков унаа кырсыгына кабылды. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында катталганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Темирлан Мирсадык уулу “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, Окуя таңкы саат 04:00 катталган. Mercedes Benz унаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, каршы тарапта келе жаткан Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыкта Mercedes Sprinterдин айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes Benz унаасынын айдоочусу ошол эле ооруканадан амбулатордук жардам алган. Кырсыктын келип чыгышын Ысык-Ата райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү териштирип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM