Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 3 жаштагы баланы бастырып кеткен айдоочу камакка алынды

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 465 | 0

Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда ойноп жаткан 3 жаштагы баланы “Тойота Секвойя” унаа менен бастырып кеткен айдоочу камакка алынды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ түштөн кийин катталган. 1987-жылы туулган О.С. аттуу жаран Абай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда унаасы менен кирип, артка айдап жатып, жаш балан көрбөстөн бастырып кеткен. Бала ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей жан берген.

Окуя кылмыш жана оруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Унаа айып аянтына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM