Биз менен байланышыңыз

Мексикада мигранттарды ташган унаа оодарылып 25 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 660 | 0

Борбордук Америка өлкөлөрүнөн чыккан жүк ташуучу унаа мигранттарды ташып бартып Мексикада оодарылып кетти. Кырсыкта 25 киши каза болуп, дагы 30у жаракат алган. Бул тууралуу Чьяпас штатынын башкы прокуратурасы билдиргенин эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Кырсык Мексиканын Гватемало мамлекети менен чектеш Сояло районунун аймагында болгон. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик номери тагылбаган жүк ташуучу унаа башкаруудан чыгып кетип, жолдун четинде оодарылып калган.

Окуянын келип чыгышы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM