Биз менен байланышыңыз

Орусия: Бензин ташуучу унаа жарылып, 4 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 549 | 0

Орусиянын Свердлов облусунда бензин ташуучу унаа кырсыкка учурап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бензин ташуучу унааны башкарган айдоочу мас абалында болгон. Ал унааны унааны башкара албай, цистернаны кулатып алган. Ичи бензинге толгон цистерна жанынан өтүп бараткан туристтердин унаасына тийип жарылып, андан улам 4 адам каза болгон. Ошондой эле, 11ден ашык адам жабыркаганы айтылууда. Бензин ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Унаада 500 литр бензин болгон. Өрт ошол аймактагы токойду да каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM