Биз менен байланышыңыз

Унаа кырсыгына кабылган Сокулук милициясынын башчысы кызматынан четтеди

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 451 | 0

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

“Толук жана ачык-айкын иликтөө ишин жүргүзүү үчүн материалдар Чүй милициясынын тергөө кызматына сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Аталган фактыны Ички иштер министрлигинин жетекчилиги көзөмөлүнө алган. Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык жана соттук авто-техникалык экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Максат Чойбеков 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунун 18 чакырымында саат таңкы 4:00до “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасын айдан келе жатып, каршы багытта ккелаткан “Мерседес-Спринтер” унаасы менен кагылышкан.


Милициянын полковниги унаа кырсыгына кабылды


“Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусу жаракат алып, Канттагы ооруканага жеткирилген. Чойбеков да ошол эле ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алган. Аталган факт Ыссык-Ата райондук ИИБнин каттоо китебине катталган.

Айрым маалыматтарда Чойбеков мас абалында унаа башкарып баратканы айтылган. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Темирлан Мирсадык уулу «Маралга» билдиргенде бул маалымат тийиштүү кызматтар тарабынан териштирилерин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM