Биз менен байланышыңыз

Полковник Чойбековдун унаасы менен кагылышкан «Спринтердин» айдоочусу каза болду

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 2450 | 0

Сокулук райондук милициясынын начальниги Максат Чойбековдун унаасы менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.

Улуттук госпиталда оор абалда жаткан жабырлануучу кечээ, 9-декабрда каза болгон.

Маркум кырсыктан оор жаракат алып, адегенде Кант шаардык ооруканасына жаткырылган болчу. Кийин Улуттук госпиталга которулган.

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада, жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.

Максат Чойбеков да аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алган. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлгөн.

Максат Чойбеков кечээ кызматынан четтетилген.

Буга чейин аталган фактыны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги көзөмөлүнө алган. Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө башталган. Тиешелүү соттук-медициналык жана соттук авто-техникалык экспертизалар жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM