Биз менен байланышыңыз

Бишкекке метро курулабы? Мэриянын жообу

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 1191 | 0

Бишкекке метро курулат деген маалымат акыркы бир жумада бир катар маалымат булактарында жарыяланып, коомчулук тарабынан ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул маалымат боюнча мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кайрылып көрүп, төмөнкүдөй жоопту уктук:

-Жаңы жылдан бери маалымат жок калдыбы, негедир бир катар маалымат булактары ушул маалыматты аябай таратып жатат. Ар бир маалыматты тактап, фактынын негизинде берсе жакшы болот эле. Азыр курулат деген маалымат чындыкка дал келбейт, — деди мэр кеңешчиси..

Шаарларга метро эмненин негизинде курулат?

Метро куруучу компаниялар (инвесторлор) шаардын элин, мүмкүнчүлүгүн жана инфраструктурасын карап көргөндөн кийин шаарга метрону куруп-курбаш керектигин айтышат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын башкы планында метро куруу бар экендиги 2018-жылы экс-мэр Албек Ибраимовдун тушунда айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM