Биз менен байланышыңыз

Иран парламенти Пентагонду террордук уюм деп тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 770 | 0

Ирандын парламенти ачык отурумда Пентагонду Ирандагы террордук уюмдардын катарына киргизген мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү Press TV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилгеге парламенттеги 230 катышуучунун 228и макул болгон.

Мындай чечим ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин кабыл алынды.

Эске салсак, 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани мерт болгон.


5-класска чейин эле окуган… Генерал Сулейманинин таржымалы

Copyright © 2017 Maral FM