Биз менен байланышыңыз

Иран АКШнын аскердик базасына сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 1359 | 0

АКШ аскери жайгашкан Ирактагы Айн ал-Асад аскердик базасы Иран тарабынан баллистикалык ракета чабуулуна туш болду.

Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу соккуну өзү жасаганын жарыялады. Бул чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленген.

Ал эми АКШ бул соккудан кабардар экенин, президент Дональд Трамп тиешелүү түрдө жооп берүү жолдорун карап жатканын Fox News телеканалы билдирди.


5-класска чейин эле окуган… Генерал Сулейманинин таржымалы


Эске салсак, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси, 62 жаштагы генерал Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон.

Аятолла Али Хаменеи баш болгон Иран бийлиги генерал үчүн өч алуу убадасын берип, АКШга сокку уруу үчүн 13 сценарий даярдалганын жар салган. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине “ири жана күчтүү” сокку жасарын билдирген.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]

Copyright © 2017 Maral FM