Биз менен байланышыңыз

Январдын аягында «Ак-Жол – автодорожный» өткөрүү жайынын курулушу башталат

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 485 | 0
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында «Ак-Жол–автодорожный» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Ак-Жол – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайын модернизациялоо жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.
Баарыбыз ушул көзөмөл-өткөрүү жайы эң жандуу пункттардын бири экенин жакшы билебиз. Ошондуктан бардык иштер тез жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Автотранспорт үчүн чек ара жабык болорун жана унаалардын агымы башка жакынкы көзөмөл-өткөрүү жайларына багыт аларын эске алып, чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Бул иштер бардык жарандарга шарттарды түзүү үчүн жасалууда, — деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, план боюнча өткөрүү жайы заманбап болуш керек. Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, жол бети кеңейтилет. Ошентип, көзөмөл-өткөрмө жайында кызмат өтөөгө бардык шарттар түзүлөт.
«Ак-Жол – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайын оңдоп-түзөө үчүн 2020-жылдын январь айынын соңунда жабуу пландалды. Бардык иштер аяктагандан кийин бул пункттун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсе жогорулайт. Бул жерде бөлмөлөрдүн саны көбөйөт, алар аркылуу паспорт көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп, ошондой эле автотранспорт каражаттары текшерилет.

Copyright © 2017 Maral FM