Биз менен байланышыңыз

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата видео ролик тартуу боюнча сынак жарыяланды

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 1336 | 0

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында видео ролик өндүрүү боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Талаптар:

  • роликтер кыска метраждуу болууга тийиш;
  • эки категория менен кабыл алынат:
    1) узактыгы 60 секундадан ашпоосу зарыл;
    2) узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу зарыл.
  • Сынакка катышуучу бир нече видео ролик жөнөтө алат, бирок бири- биринен өзгөчөлөнүп, айырмалануусу шарт.
  • роликтер санариптик маалымат жыйнагыч (USB, диск, флешка) аркылуу уюштуруу комиссиясына жөнөтүлөт;
  • Форматы – MP 4;
  • Мазмуну Кыргызстандын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Интеллектуалдык менчик:

Сынактын катышуучулары жиберилген видео роликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

Сынактын баалоо критерийлери:

  • Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши;
  • Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
  • Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү, ошондой эле чагылдырууга болгон стандарттуу эмес мамиле болушу шарт.
  • коомдук-саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбей, улуттун тарбиялык, адеп-ахлактык, патриоттук баалуулуктарына басым жасоо мамилелери эске алынат.

Сынактын байгелери:
1 — орун (эки сыйлык), ар бири – 30 000 сом.
2 — орун (эки сыйлык), ар бири – 20 000 сом.
3 — орун (эки сыйлык), ар бири – 10 000 сом.

Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү:
Сынактык мезгил: 2020-жылдын 8- январынан 2020-жылдын 10- мартына чейин.

Сынакка материалдар төмөндөгү дарекке жөнөтүлөт:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78,

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунда кабыл алынат.
Байланыш телефону: +996 312 661 947, 0771323979,

Copyright © 2017 Maral FM