Биз менен байланышыңыз

Украина жана жикчилдер туткундарды алмашты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 534 | 0

29-декабрда, Украина менен жикчилдер 2 жылдан бери алгач ирет туткундарды алмашып алышты. Киев менен Луганск жана Донецкидеги куралдуу түзүмдөр 2014-жылы Майдандагы атышууда күнөөлүү делген «Беркут» түзүмүнүн аскерлерин кошо алмашышты.

Жекшемби күнү кечинде Киевге өткөрүлүп берилген адамдар отурган учак Борисполь аэропортуна конуп, аларды Украинанын президенти Владимир Зеленский тосуп алды. Бошотулган туткундар туугандары менен жолуккандан кийин аларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып кетишти.

Алмашуу тууралуу 3 жума мурда Орусия — Украина президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский Германия жана Франция лидерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн «Норманд форматындагы» сүйлөшүүлөрдө макулдашкан.

Украина жикчилдерге 124 адамды өткөрүп берсе, ал эми Киевге 76 адамды бошотуп беришкен.

Эске салсак, буга чейин, 7-сентябрда «35ке 35» схемасы аркылуу Орусия менен Украина туткундарды алмашкан.


Эмне үчүн Путин Украина бошоткон туткундарды тосуп алууга келген жок?

Copyright © 2017 Maral FM