Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн Путин Украина бошоткон туткундарды тосуп алууга келген жок?

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 486 | 0

7-сентябрда Орусия менен Украина туткундарды алмашты.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцов жана башка туткундарды Киевдин «Борисполь» аэропортунан Украина президенти Владимир Зеленский тосуп алды.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин аэропортко келип тосуп алмак тургай, ал күнү бул тема боюнча эскерип да койбогону социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. «Эмне үчүн Путин Украинада туткундалып, бошотулган жарандарды тосуп алуу үчүн аэропортко келген жок?» Бүгүн журналисттердин мындай суроосуна президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Орусия лидери Путин Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүдө өз милдетин аткарды жана ийгиликтүү сүйлөшүүгө жетишти.

«Эң башкысы аэропортко келип тосуп алуу эмес, алмашууга жол ачуу», — деп белгиледи Песков.

Эске салсак, туткундарды алмашуу «35х35» схемасы аркылуу жүргүзүлүп, бошотондукка чыккан Украина жарандарынын тизмеси жарыяланды.

Зеленский туткундарды бошотууда жумушчу топ отуз күндөн ашуун иш алып барганын айтты. Ошондой эле ал туткундарды бошотуу боюнча биринчи этап ишке ашканын, кийинки этап Минск келишиминин негизинде жүргүзүлө турганын белгиледи.

Киев «РИА Новостинин» Украинадагы бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинскийди Москвага өткөрүп бергени маалым болду. Туткундарды алмашуу боюнча маалымат ушул жылдын 30-августунда тарай баштаган.

Владимир Зеленский Украинада соттолгон Орусиянын 16 жаранына ырайым берген жарлыкка кол коюп, 5-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганы тууралуу айткан.

Copyright © 2017 Maral FM