Биз менен байланышыңыз

Азамат Сарыбаев: Биринчи жолу өзүм обон чыгардым

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормониясынын солисти, таланттуу ырчы мырза Азамат Сарыбаев “Марал шоу” программасынын кезектеги коногу болду.

— Саламатсызбы Азамат мырза? Майрамдык маанай кандай?

— Саламатчылык. Буйруса, абдан жакшы. Жаңы жылга даярдыктар күч. Концерт, сьемкалар болуп жатат.

— Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

— Жаңы жылга жаңы ырларды жаздырдым. Былтыр биринчи жолу өзүмдүн обонумду чыгардым. Чынында оор болду. “Досторум” аталышындагы ыр. Жакынкы аралыкта жаздырып бүттүм.

-Репертуарда анча эмгек болуп калды?

— Көп эле. Элге таанылганы, таанылбаганы бар. Таанылбаганы дегенде, атайын буйрутма менен иш чараларда ырдалып, кийин ырдалбай калган чыгармалар.

— Сахнада жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

— Бала кезден тартып эле мектептин иш чараларына активдүү катышчумун. Мектепти аяктап, шаарга келген соң, филармониянын астында эки жылдык окуу жайда окуп калдым. Ошол мезгилде чоң сахнага биринчи ирет кадам таштагам. Андан соң, консерваторияда окуумду улантып, көптөгөн конкурстарга катышып жүрдүм.

-Сиздин оюңузча, кыргыз музыкасынын деңгээли өсүүдөбү же төмөндөөдөбү?

— Менимче, өсүүдө. Ар кимдин өзүнүн көз карашы болот. Көпчүлүк  жеңил-желпи ырлар көбөйүп кетти дешет. Бирок, ар бир ырдын угарманы болот. Ырчылар көбөйдү, анын ичинде дагы жаш, таланттуулар арбын.

— Чыгармачылыкта чыныгы достор болобу?

— Албетте, бул чөйрөдөн дос таптым. Жакшы адамдарды, чыгармачылыгыма салым кошкон досторду жолуктурдум. Мамилелерибиз абдан жакшы, досторум менен сыймыктанам.

-Чыгармачылык кирешеңиздин бир бөлүгү болуп саналабы?

— Албетте, биз чыгармачылыктан нан таап, үй-бүлөбүздү багып келе жатабыз. Элдин жакшылыктарында, иш-чара, концерттерден акча табууга болот.

-Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM