Биз менен байланышыңыз

«Ата-Мекендин» дагы бир канча мүчөсү партиядан чыкканы жатат

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 3759 | 0

Ата-Мекен партиясынын бир канча мүчөлөрү партиянын катарынан чыкканы жатышат. Бул тууралуу алардан Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз түшкөн. Бул маалыматты БШК башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» тастыктады.

Айрым маалымат каражаттарында алардын катарында Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматовдун бар экени айтылат. Алар 2015-жылдагы шайлоодо Ата-Мекен партиясынан талапкер катары тизмеге киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM