Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» алдыңкы 5 талапкеринин тизмесин жарыялады

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 562 | 0

Бүгүн, 9-октябрда «Ата Мекен» партиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бара турган алдыңкы беш талапкеринин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу партиянын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланды.

Алар Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, юрист, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко.

Маалыматка ылайык, партиянын толук тизмесин жарыялоо маселеси 11-октябрда каралат.

Шайлоого катышуу үчүн 71 партия катталган, бир мандаттуу шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 9-октябрга карата 171ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM