Биз менен байланышыңыз

Бекчоро уулу: «Ата Мекенчилер» УКМКнын алдына чогулуп жатат

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 1352 | 0

Бүгүн, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын жанында кол салуу болду. Ага байланыштуу «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына чогулуп жатат. Бул тууралуу аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Бийлик биринчи кол салды…УКМКнын алдында эл чогулуп жатат. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ким кол салгандыгын УКМК таап берсин», — деп билдирди ал.

Маалыматтарга караганда, «Парк Отелдин» жанында отурган саясатчыга 3 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Жерине милиция барганы кабарланды. Саясатчынын оозу канап, шишип калган сүрөтү тарады.

Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек жана Текебаевге кол салгандар ким экени азырынча белгисиз.

Текебаев ал жерге барган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө болгон кол салууну саясий террор катары баалады.

Copyright © 2017 Maral FM