Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Админресурс колдонулуп жатат

Кыска кабар , Саясат | 3 Сен 2020 | 1339 | 0

Шайлоо алдында административдик ресурс колдонулуп жатат. Бул тууралуу парламенттин 3-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Депутаттын айтымында, буга чейинки президенттердин тушунда административдик ресурс  колдонулуп келсе, эми андай көрүнүш парламенттик шайлоо алдында да байкалып жатат. Ага мисал кылып, пандемия учурунда өкмөт баш болуп ыраазычылык билдирген дарыгерлерге азыр кысым болуп жатканын айтты.

Пандемия учурунда бүт мамлекеттик телеканалдардан өкмөт баш болуп “силер бизди, бүтүндөй өлкөнү сактап калдыңар” деп ыракматын айтып, эми шайлоонун алдында “паспортуңду алып кел, “форма-2ге” турасың, адамдарды каттайсыңар” деп дарыгерлерди кордоп атабыз. Ушулбу, биздин аларга кылган жакшылыгыбыз?!” – деди Акаев.

Депутат Бишкек шаарындагы ондогон дарыгерлер өзүнө кайрылып жатышканын, ар бирине ондон паспорт чогултуу тапшырмасы берилгенин айтты.

Мындай көрүнүштүн арты жакшылык менен бүтпөйт. Админресурс колдонгон жетекчилер айыппулга жыгылып, керек болсо кызматынан кетет. Өкмөт, президент баш болуп Коопсуздук кеңешинде ушул маселени көтөрүп жатат, бирок факты жок, арыз жок деп бир дагы адамды жазалаган жоксуңар. Мисалы, Нарында айыл өкмөт башчынын видеосу чыгып атат ачык эле, аны да жоопко тартпадыңар, — деп сынга алды.

Жанар Акаев ошондой эле өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун бир да өкмөт мүчөсү шайлоого барбайт деп айтканын эске салып, айрым өкмөт мүчөлөрү шайлоо баштала электе элди үгүттөп жатканын айтты:

Бороновдун сөзү калп болуп чыкты. «Пандемияны мен басат элем» деп келген вице-премьер Аида Исмаилова баш болуп бардыгы шайлоого кетти. Пандемия басылбай эле тескерисинче 1500дөй адам өлдү, шалаакылык үчүн жооп берүүнүн ордуна баары шайлоого катышабыз деп, анысы аз келгенсип коллективин дагы кыйнап атат “биздин партияга добуш бересиң” деп. Ушундайларды карагыла, азыр коомдо абдан нааразылык күчөп атат.

Акаев белгилеген Нарын облусундагы «добушту соодалап» жаткан видео Чет-Нура айылында тартылган. Анда айыл өкмөт башчысы Азамат Мүсүрканов тургундарды «Биримдик» партиясына добуш берүүгө үндөп, ал үчүн талапкер Улан Бакасов 500 миң сом убада кылганын айткан. Бирок Бакасов бул айтылгандарды четке кагып, Мүсүркановду каралап жатат деп сотко берди.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болот. Ал үчүн Боршайкомго 16 партия талапкерлеринин тизмесин жана документтерин тапшырып, анын ичинен төртөө расмий каттоодон өттү. 

 

Copyright © 2017 Maral FM