Биз менен байланышыңыз

«Биримдиктин» талапкери айыл өкмөт башчысын сотко берди

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 1007 | 0

«Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов Нарын облусуна караштууу Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановду сотко берди. Бул тууралуу анын өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 30-август күнү Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүрканов айыл тургундарын чогултуп, Улан Бакасов менен жолугуп сүйлөшкөнүн айтып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялаган.

“Сүйлөшүү кимдир-бирөө тарабынан видеого тартылып алынып соцтармактарга тарап, коомдо Улан Бакасовдун атына туура эмес пикирлер айтылып келген. Андыктан Улан Болотбекович айыл өкмөт башчысы Азамат Мүсүркановдун үстүнөн КРнын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пункту боюнча ( Жарандын өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылуу) Нарын райондук сотуна арыз менен кайрылды”, -деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүрканов экени айтылган жаран тургундарды үгүттөп жаткан видео тарады. Анда ал жергиликтүү тургундардан депутаттыкка талапкер Улан Бакасовду колдоп берүүсүн суранып, ал үчүн Бакасов 500 миң сом каражат убада кылганын айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул ишти укук коргоо органдары иликтей турганын кабарлады. БШКнын маалымат катчысы Асел Өмүракунованын айтымында, Боршайкомдун Ыкчам чара көрүү координациялык тобу укук коргоо органдарына кайрылган.

Жогоруда аталган айыл өкмөт башчысы үгүттөп жаткан талапкер Улан Бакасов бийликчил аталган «Биримдик» партиясында. Ал нарындыктарга жардам берип жүргөнү менен коомчулукка таанымал. Талапкер партиянын тизмеси боюнча 6-орунда турат.

Опубликовано Майрамбеком Омурбаевым Вторник, 1 сентября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM