Биз менен байланышыңыз

БШК: Төрт партия расмий катталды

Кыска кабар , Саясат | 2 Сен 2020 | 1020 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерин кабыл алган 16 партиянын ичинен төртөөсүн расмий каттады. Мындай чечим 2-сентябрь күнү өткөн Боршайкомдун жалпы жыйынында кабыл алынды.

Жумушчу топ партия талапкерлеринин өздүгүн тактап, мыйзамдагы талаптарга жооп берсе комиссияга сунуш кылат. Эгер комиссия колдоого алып, бир добуштан колдоп берсе, ал партия расмий каттоодон өтөт.

Бүгүнкү отурумда Жумушчу топ комиссияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш» жана Афган согушунун катышуучуларынан турган партияны каттоодон өткөрүүнү сунуш кылды. Аны БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоп, каттого алды.

Эртең, 3-сентябрда калган партияларды каттоого алуу же баш тартуу үчүн акыркы күн. 4-сентябрга оогон түнү үгүттөөгө расмий уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM