Биз менен байланышыңыз

Ашраф Гани президенттик шайлоодон жеңип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 528 | 0

Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду. Бул тууралуу Кабулда көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Хава Алам Нуристани билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери өлкөнү башкарып келген Гани президенттик шайлоодо 56% добушка ээ болуп, башка атаандаштарынан озуп чыккан. Ал эми анын негизги атаандашы болгон Абдулла Абдулла добуштардын 39,5%ын алган.

Абдулла Абдулла ноябрь айында өзү жеңип чыккан аймактарда добуштарды кайра эсептөөгө каршы чыккан. Декабрда буга макулдугун берген.

Ооганстандагы президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн. Жыйынтыгы 19-октябрда жарыяланышы керек болчу. Бирок ар кайсы талапкерлерди колдогон топтордун каршылыгынан улам шайлоо комиссиясынын ишин текшерүүдө тоскоолдуктар жаралып, добуштарды кайрадан санап чыгуу белгиленген мөөнөтүнөн бир нече ирет кечиктирилип артка жылдырылган..

Көптөгөн аймактар шайлоого каршы болгон «Талибан» радикалдык кыймылынын көзөмөлүндө болгондуктан, ондогон региондордо шайлоо өткөрүлгөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM