Абдулла Абдулла ноябрь айында өзү жеңип чыккан аймактарда добуштарды кайра эсептөөгө каршы чыккан. Декабрда буга макулдугун берген.
Ооганстандагы президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн. Жыйынтыгы 19-октябрда жарыяланышы керек болчу. Бирок ар кайсы талапкерлерди колдогон топтордун каршылыгынан улам шайлоо комиссиясынын ишин текшерүүдө тоскоолдуктар жаралып, добуштарды кайрадан санап чыгуу белгиленген мөөнөтүнөн бир нече ирет кечиктирилип артка жылдырылган..
Көптөгөн аймактар шайлоого каршы болгон «Талибан» радикалдык кыймылынын көзөмөлүндө болгондуктан, ондогон региондордо шайлоо өткөрүлгөн эмес.