Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды 

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 516 | 0

Кечээ, 21-декабрда саат 22:45те Бишкек-Ош унаа жолунун 199-чакырымында кар көчкү түштү. Буга байланыштуу Жайыл районунун «Сосновка» постунда жана Токтогул районунун «Арал» постунда каттам эки тараптуу убактылуу жабылган.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, учурда жеңил унаалардын каттамы үчүн жол ачык. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар. Кар массасы тазалангандыгы айтылды.

22-23-декабрь аралыгында тоолуу райондордогу унаа жолдорунда кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болору күтүлүүдө. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт.

Мындан улам тоолуу аймактарда, Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM