Биз менен байланышыңыз

Авариялык абалдагы 32 мектепте курулуш жүрүп жатат

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 600 | 0

Авариялык абалдагы 32 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов маалымдады.

Ага ылайык, Билим берүү министрилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрилиги ноябрь айында Курулуш агенттигине авариялык абалдагы 242 мектептин тизмеси жиберилген. Учурда ал тизмени тактоо иретинде түзүлгөн өкмөттүк комиссия иш алып барууда. Комиссия жыл соңуна чейин корутундусун чыгарат.

«Авариялык абалда болгон 32 мектепте курулуш жүрүп жатат. Андан сырткары, Сауд Аравия Фондусу тарабынан каржыланган 24 объекттин ичинен 16 мектепте курулуш иштери башталды», — дейт Каримжанов.

Copyright © 2017 Maral FM