Биз менен байланышыңыз

Москва: Футбол жана волейбол боюнча «Евразиялык биримдик кубогу» өтөт

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 484 | 0

Москва шаарында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган футбол жана волейбол боюнча «Евразиялык биримдик Кубогу» өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Кубок Москвадагы кыргыз диаспорасынын Спорт боюнча Федерациясы жана элчилик тарабынан  уюштурулууда. Бул спорттук мелдештин максаты улуттар аралык достук мамилелерди бекемдөө, сергек жашоону жана боордош элдердин евразиялык руханий жакындыгын даңазалоо болуп саналат.

Турнирге катышуу үчүн ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Москва шаарындагы футбол, ошондой эле волейбол боюнча эркектер жана аялдар диаспоралык спорттук командалары чакырылды.

Турнирдин байге фондусу 1-орун үчүн – 100 миң рубль, 2-орун – 70 миң рубль, 3-орун – 50 миң рубль.

Футбол боюнча турнир 21-22-декабрда Суздальская көчөсү, 25/1 дареги боюнча жайгашкан “Олимп” стадионунда өткөрүлөт.

Волейбол боюнча турнир 28-29-декабрда 1-Владимирская 10Б дареги боюнча жайгашкан “Луч” Маданий-спорттук комплекстин залында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM