Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү бардык мамлекеттик органдардын ишин камтыйт

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 509 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева бүгүн, 20-декабрда «2018-2020-жылдарга Ачык Өкмөттү түзүү боюнча аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун баштапкы жыйынтыктары» темасындагы конференцияга катышты. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Ачык Өкмөт улуттук форумунун, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Вице-спикер конференциянын катышуучуларына кайрылып, 2017-жылдан тарта Кыргызстан «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн 75-катышуучу-өлкөсү болуп калганын белгиледи. Ал аракеттердин улуттук планын «Ачык Өкмөт» улуттук форуму иштеп чыгып, 2018-жылдын 27-июнунда Өкмөт тарабынан бекитилгенин эске салды.

«Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-2020-жылдарга Кыргыз «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүн түзүү аракеттеринин улуттук планын ишке ашыруу жана аткаруу жүрүмүнө мониторинг жасоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ошондой эле «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүн түзүү боюча аракеттердин алгачкы планы иштелип чыккан. Аракеттердин бул планы 2019-2020-жылдары ишке ашырыла турган 4 милдеттенмеден жана 20 милдеттен турат», — деди Аида Касымалиева.

Аида Касымалиева мамлекеттик органдар менен жарандык коомду мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга, коррупциялык жосундарды азайтууга, жарандык коомду мамлекеттик чечимдердин кабыл алуу жүрүмүнө тартууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырды.

«Ачык Өкмөт» жана «Ачык Парламент» өтө амбициялуу долбоорлордун катарына кирет. Ал Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышына гана багытталбастан, мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына жарандардын катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга да кызмат өтөйт. Жарандардын ченемдик укук актыларынын долбоорлорун талкуулоо жүрүмүнө катышуусу мамлекеттик түзүлүштүн демократиялык пайдубалын бекемдейт», — деди Касымалиева.

Copyright © 2017 Maral FM