Биз менен байланышыңыз

Акаев: Регламентке жогору жактан «добро» алгандардын мыйзамы биринчи кирет

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 794 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев айрым кесиптештерин кошоматчылыкка айыптады. Анын айтымында, бир кезде Атамбаевге жагалданып жүргөндөр, эми учурдагы президентке кошоматтанып жатышат.

Бизде парламентте бир эле нерсе калды,  эми «регламентке жогору жактан «добро» алгандардын мыйзамы биринчи кирет, анан алар көп талкууланбай эле, жарым саат талкууланып туруп өтөт» дегенди жазып койсок. Биз билип атабыз, ким макулдук берди жана ким чыгарып жатканын.  Мен Мирлан Жээнчороевдин пикирин түздөн-түз колдойм. Ким позициясын өзгөрткөн жок, мына, мурдагы президенттин этегине намаз окугандар, азыркы президенттин этегине намаз окуп жатасыңар. Кошоматчылыктан кошоматчылыкка күн көрүп жүргөндөр арабызда толтура, — деди Жанар Акаев.

Бүгүн Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга чейин түшүрүү маселеси каралып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында бул мыйзамды карап чыккан тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбековду мыйзамсыздыкка жол берди деп айыпташууда.

Депутат Мирлан Жээнчороев аталган мыйзам долбоорун кароо баардык мыйзам процедураларын бузуп жатканын айтып, мыйзам долбоорунун кечээ дагы, бүгүн дагы болбогонун, комитеттин кароосунда да болбогонун айтып, мамлекетке чоң өзгөрүүлөрдү алып келе турган мыйзам долбоору отурум өткөрүп, анын негизинде кабыл алынышы керектигин айтты. Ошол эле учурда Канат Керезбековду сурамжылоонун негизинде гана алып келип жатканын айыптады.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков эч кандай мыйзам же регламент бузулбаганын, баары депутаттардын макулдугу менен ишке ашырылганын айтты.

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык чек боюнча өз пикирин 20-февралда Жогорку Кеңеште билдирген болчу. Ал парламентте сүйлөп жатып, ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааный тургандыгын айтып, партияларды ирилештирүү саясатчылар үчүн али эрте экени көрүнүп тургандыгын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM