Биз менен байланышыңыз

Мектептерди ысык тамак менен камсыздоо 65% жетти

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 488 | 0

Кыргызстандагы 2 миң 265 мектептин 65% башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип жатат.  Жылдын аягына чейин ысык тамак дагы 100 билим берүү мекемесинде уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу максатында жыл башында 1500 ашпочу 72 сааттык атайын программанын негизинде окутуудан өткөн.

Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлиги колледждерде ашпозчуларды окутуу боюнча квалификациялык талаптарды иштеп чыгып, 340 сааттык бирдиктүү окутуу программасын бекиткен.

Мектептеги тамактануунун техникалык картасы 150 аталыштагы аш тизмекти өзүнө камтып, баланын эрте өнүгүүсүнүн бардык талаптарына жооп берет.

Белгилей кетсек, мектептеги тамактанууну оптимизациялоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынган. Ал мектептердеги башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурууну милдеттендирет. Буга чейин билим берүү мекемелериндеги тамактануу рационунда чай жана булочка эле болгон.

Мамлекет жыл сайын окуучулардын тамактануусуна бюджеттен 500 млн сомдой каражат бөлөт. Ысык тамак уюштурулган мектептердин санын көбөйтүү эл аралык донорлор жана жергиликтүү бийликтин жардамында ишке ашып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM