Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 423 | 0

Ушул тапта Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Чек ара кызматынын аскерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Күч органдары коомдук тартипти камсыздап, чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө. Тажикстан менен чектешкен чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Кечээ Баткен районунун чек арадагы Көк-Таш айылында эки элдин ортосунда чыр чыгып, таш урушуу менен коштолгон тиреши ок атканга чейин жеткен.


Баткенде чек арада тажиктер куралдан ок атууда (видео)


Абалды эки тараптын күч органдары көзөмөлгө алып, тынчтандыруу аракеттерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тарап күтүлбөгөн жерден ок чыгарган. Андан бир кыргыз жоокери менен бир жергиликтүү тургунга ок тийген.


Чек ара: Көк-Таш айылында тажиктер кыргыз жоокерин атты

Мындан сырткары дагы 3 аскер менен бир жай тургун ар кандай жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM