Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Көк-Таш айылында тажиктер кыргыз жоокерин атты

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 1409 | 0

Баткендин Көк-Таш айылында тажик-кыргыз чек арасында чыккан чырда тажиктер кыргыз аскерине ок атты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Бүгүн, 18-декабрда эртең мененки саат 09:00дө чыккан чыр эки тараптын жергиликтүү бийлиги, күч органдары тарабынан басылган болчу.

Саат 11:30да тажик тарап кыргызстандыктарга таш ыргытып, кайра чыр баштаган. Ага жооп катары кыргыз жарандары тажиктерге тиешелүү эки унаанын терезесин талкалаган. 20 мүнөт өтпөй тажик тараптан куралдан ок атылып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүмүнүн жоокери жаракат алган.

Алдын ала маалыматта аңчылык мылтыктан ок атылганы айтылат.

Азыр эки тараптуу сүйлөшүү токтотулган. Учурда тараптар чек арадагы өз элинин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM