Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Чек ара боюнча парламенттик комиссия түзүүдөн тыянак чыкпайт

Жогорку Кеңеште кечээ кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуу боюнча парламенттик комиссия түзүү сунушу айтылды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Бирок эл өкүлү бул комиссиянын ишинен тыянак чыгарынан күмөн санайт. Андан көрө эл аралык комиссияны аралаштыруу оң экенин белгилеп өттү.

«Эми азыркы парламенттин кебетесин, ишмердигин көрүп атасыңар да? Анан ошол комиссиядан бир тыянак чыкмак беле? Шылдың болобуз. Кесиптештерим Каныбек Иманалиев менен Абдывахап Нурбаев БУУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолукканда бул маселени көтөргөн. Биз парламенттин атынан эл аралык комиссия түзүү тууралуу өтүнүч жолдосок болот. Ошол комиссия келип иликтеп чыкса, алардын корутундусунун негизинде эл аралык сотко берип, кенемте төлөтүүгө мүмкүн», — дейт ал.

Депутаттын оюнда, бийлик башчылары парламентти күтүп отурбай, өздөрү деле кайрылса болмок.

«Бирок чатакты ырбатып алып, «Чек ара маселесин чечүү создугуп кетеби?» деген чочулоо болуп жатат окшойт», — деди Момбеков.

Copyright © 2017 Maral FM