Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Гафуров районунун башчысы менен Лейлектин акими жолукту

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 531 | 0

Бүгүн 18-майда, саат 17:00дө Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.

Район башчылары 29-30-апрелде куралдуу кол салуудан пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн, жакынкы аралыкта байланышууну макулдашышты.

Ошондой эле чек ара аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары да аталган маселе боюнча жолугушкан.

Алдыда Баткен жана Исфана райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM