Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 633 | 0

Бүгүн, 30-августта Баткен шаарынын Ички иштер министрлигинин Баткен облусу боюнча атайын багыттагы полкунун имаратында 31-августка карата саптык кароосу болуп өттү.

Бул саптык кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМдин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери катышты.

Баткен облусундагы Ички иштер органдарынын кызматкерлери облус аймагындагы коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууда көп жылдардан бери жигердүү кызмат өтөгөндүгү үчүн эгемендиктин 30 жылдыгына карата ИИМдин медалдары, Баткен ОИИБнын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Баткен облусунун аймагында Ички иштер министрлигинин 500дөн ашуун кызматкери 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM